super.kg logo
  Саясат  

Камакка алууга издөө салынган адамдарды экстрадициялоо тартипке салынат

 

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан "КРнын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, 11-июнда үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилердин бири депутат Эльмира Жумалиеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөлөр ортосундагы алакаларды арттырууга жана экстрадициялоо институтун бекемдөөгө, камакка алууга издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чараларын ыраатташтырууга багытталган.

"Адамдарды экстрадициялоо, анын ичинде кылмышкерлерди издөө жана жоопкерчиликке тартуу маселеси эркин миграция жана башка өлкө жарандыгын алуу шартында көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда. Иш жүзүндө эл аралык келишимдер түзүлбөй, улуттук кылмыш-процесс жаатындагы мыйзамдар аркылуу жөнгө салынбай калган учурлар көп кездешет. Эл аралык деңгээлде издөө салынган адамдарды Кыргызстандын аймагында кармоонун, же анын тескерисинче, Кыргызстандын укук коргоо органдары издеген адамдын чет өлкөдө кармалышынын укуктук негиздери азырынча ачык бойдон калууда", - дейт депутат.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: