super.kg logo
  Саясат  

Депутат ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишимге кол койгон ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү жыйынга эмнеге келбегенин айтты

 

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.

Анда депутат Улан Примов Бишкек ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишимге кол койгон ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү жыйынга эмнеге келбегенин айтты.

“Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев иш сапары менен чет мамлекетте жүрөт. Ал эми мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жолдо келатканын айтты. “Электр станциялары” АККсынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов учурда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштейт. Шаардык кеңештин жыйыны болуп, бюджетти бекитип жатышыптыр. Ошого байланыштуу келе албай калды”, - дейт Примов.

16-февралда Данияр Аттокуров Бишкек ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишимге кол койгон ошол кездеги өкмөт мүчөлөрүн жыйынга чакырууну сунуштаган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: