super.kg logo

"Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн алынган 386 миллион доллар насыя үчүн Кыргыз мамлекети 480 миллион доллар төлөйт" дейт Узак Кыдырбаев

 

“Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн алынган 386 миллион доллар насыя үчүн Кыргыз мамлекети 480 миллион доллар төлөйт”, - деп бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында “Электр станциялар” ААКсынын директору Узак Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан алган насыянын көлөмү 386 миллион доллар. “Алынган насыянын үстүнө 94 миллион доллар кошуп төлөйбүз. Кыргыз мамлекеттик насыяны 20 жыл ичинде төлөп бүтөт. Буга чейин ар жакта айтылып жаткан пайыздар туура эмес маалымат”, - деди Кыдырбаев.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.02.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мээ сага устуно 100 миллион доллар 7 миллиард Сом
20.02.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйратыпсыңар
20.02.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жеген акчанар чандайган ичинерди жарып чыксын.Элдин да назары бар
20.02.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол акчаны жегендердин арам тамактары курсактарын тешип чыгышсын, тозок буюрсун ошого окшогондорго...

Бир жапжаны ТЭЦ курууга жарай турган акчанын 20-30%ти иштетилип, калганы бийликтин чонтогуно тушкону айдан ачык болуп калды...

Бугун да ошол жеп-ичкендерин тан алышпай, бирин-бири калкалап, актанып олуп жатышат...
20.02.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оздору берген акчаны оздору алып дагы бизди 480млн доллар карыз кылып койдубу молодец кытайлар!!!ошону алган бизгеда рахмат обу жок карыздар учун!!!
20.02.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунун баары 1000-2000 сом акчага алданып, тууганчылык, жердешчилик кылып озубуз эле шайлап алган аткаминерлердин иши. Биз да кичинее мин сомдук алкымыбызды тыйып эл учун куйгон инсандарды шайлабасак, миллиондук алкымдууларды ошентип бага берээрибизди эч тушунбой койдук го!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: