super.kg logo

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жол кырсыгынан 6 жана 9 жаштагы кыздар жабыркады

 

Бүгүн, 20-февраль күнү Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда эки унаанын катышуусунда кырсык катталып, эки өспүрүм жабыр тарткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен саат 9:50 чамасында Ак-Ордо конушунда Өмүрзаков көчөсү менен батышты карай С.Н. аттуу жаран башкарып бараткан Хонда Аккорд унаасы менен И.Д. аттуу жаран айдап бараткан Субару Легаси унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Хонда Аккорддун ичиндеги 6 жана 9 жаштагы өспүрүм кыздар жаракат алган. Кыздар Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген.

9 жаштагы кыздын баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. 6 жашар кыздын денеси сыйрылып, көгөрүп, жеңил жаракат алган.

Кырсык болгон жерден тийиштүү документтер чогултулуп, кырсыкка күнөөлүү тарапты тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
20.02.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки учурда мышык сузгондой эле сузуп калышты адамдарды бул далактагандын баары тартип жоктон келип атат а окмоттун шапкеси дале беттерине жабулуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: