super.kg logo

Кочкор-Ата шаарындагы кафеде газ баллон жарылып, 4 адам жаракат алды

 

Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде газ баллон жарылып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы да тастыктады.

Маалыматка караганда, жаракат алгандар - 23 жаштагы В.А., 24 жаштагы П.Р. жана Т.М., 37 жаштагы С.Ж. аттуу Кыргыз мамлекетинин жана Өзбекстандын тургундары.

"Алар Кочкор-Ата шаардык ооруканага жеткирилген, бирөөсүнүн абалы оор, калган үч адамдын абалы канааттандырарлык экени аныкталды. Оор жаракат алган адам Ош шаардык ооруканасына которулуп, калган үчөө Кочкор-Ата шаардык ооруканасында дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.02.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элим буюмдарды колдоноордо этияттык менен колдонуп озубуздун омурубузду биринчи орунга койолучу ансызда аз элбиз бодо кырсыктан сактанайлы туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: