super.kg logo

Баткенде 24 чек арачы үйлүү болду

 

Баткен облусунун Исфана шаарында чек ара кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 24 батирлүү үйдүн курулушу бүткөрүлдү. Үйдүн ачылышы 20-февралда өткөрүлүп, ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышканын президенттик аппараттан кабарлашты.

Президент жаңы конуш ээлерин куттуктап, мамлекет чек арачылардын турмуш шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. “Мамлекет коопсуздугу чек арадан башталат. Ошондуктан бүгүн мен чек ара кызматчылары үчүн жаңы үйдүн ачылышына катышып жатканыма кубанып жатам. Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Биз мындан ары да Куралдуу күчтөрдү, анын ичинде чек ара аскерлерин ар тараптан бекемдеп, аскер кызматчыларынын жашоо-тиричилигин, кызматтык шарттарын жакшыртабыз”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коңшу өлкөлөр менен тынчтыкта жана ынтымакта жашап, маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи.

“Алыскы туугандан – жакынкы коӊшу” дегендей, биз коӊшуларыбыз менен ынтымакта жашоону жактайбыз. Биздин чек араларыбыз жакшы коңшулардын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш. Коңшу өлкөлөргө менин иш сапарымдын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен биз көптөгөн маселелер боюнча өз ара кабыл ала турган чечимдерге жетише алдык. Мурда Өзбекстан менен чек аранын 85 пайызы аныкталган. Биз бул багытта сүйлөшүүнү улантабыз. Тажикстан менен дагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жакшы нукта улантылууда”, - деп айтты мамлекет башчысы.

Президент жаңы курулган үйдүн короосунда балдар ойной турган аянтча куруу үчүн 200 миң сомдук сертификатты тапшырды. Андан кийин жаңы батирлерди кыдырып көрдү жана жаңы конуштардын ээлери менен маектешти.

Аталган 24 батирлүү үйдүн курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Анын жалпы аянты 1758 чарчы метр. Эки кабаттуу бул үйдүн 18 батири бир бөлмөлүү болсо, 6 батири эки бөлмөлүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.02.2018. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чек арадан бекер жер бергиле жаштарга, ошолор чек араны өздөрү эле коргоп алат, тажиктер кирип келип жатышат
21.02.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп туура ой
21.02.2018. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Но куттуктайбыз менин тургандар го
21.02.2018. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдерге да берсе болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: