super.kg logo

ЮНИСЕФ ымыркайдын өмүрү үчүн эң коркунучтуу өлкөнү атады

 

БУУнун Балдар фонду Пакистанды жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн эң коркунучтуу өлкө деп атады. ЮНИСЕФтин тараткан маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазгандай, аталган өлкөдө ар бир төрөлгөн 1000 баланын 46сы бир айга жетпей чарчап калат.

Пакистанда ар бир төрөгөн аял эле төрөт учурунда дарыгерлердин жардамын ала бербейт, анткени 10 миң аялга билимдүү 14 дарыгер туш келет. Бул көрсөткүч 2011-жылдарга салыштырмалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө төрөгөндөрдүн саны 21 пайыздан 48 пайызга чейин өскөндөгү жыйынтыгы. Пакистан саламаттыкты сактоого ички дүң өнүмүнүн 1 гана пайызын бөлгөндүгү көп учурда сындалып келет.

Пакистандан кийин ымыркайлардын жашап кетиши үчүн коркунучтуу өлкө деп - Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан табылган. Андагы токтобогон жаңжалдар, жакырчылык жана алсыз медициналык мекемелер балдардын өлүмүнүн көп катталуусуна алып келет. ЮНИСЕФтин бул багыттагы докладында эгер эне-балага өз учурунда тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, жакшы тамактандырып, таза суу менен камсыздаса, миллиондогон ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга болору жазылган. Балдардын 80 пайызы сепсис, пневмания, менингит ооруларынын кесепетинен чарчап калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.02.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде окуп кеткен жайнаган Пакистандыктар каякка кетишет экен ошондо?!КГМА,КРСУ,Азиатский университет,ИСИТО,ОШГУ ж.б жыл сайын жуздогон иностаранецтерди чыгарат го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: