super.kg logo

Салык кызматы салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алууда. Өз убагында тапшырбагандар айып төлөйт

 

Салык органдары 19-февралдан тартып салык декларациясын эртең мененки саат 9дан баштап түн ортосуна чейин өзгөчө режимде кабыл ала баштаганын Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Түн ортосуна чейин декларацияларды кабыл алуу майрам жана дем алыш күндөрдү кошпогондо 28-февралга чейин улантылат. Мындан улам декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөрүнө аны 18:00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Мекеменин маалыматына ылайык, 20-февралга карата 62 миң 839 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырганы белгилүү болду. Анын 12 миң 741и юридикалык жак, 38 миң 648и жеке ишкер. Ал эми 9 миң 143ү жеке жак болсо, 2 миң 57си кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 250 адам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

1-мартка чейин юридикалык, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу декларация толтуруулары керек. Салык кызматы өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салына турганын эскертүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.02.2018. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атангору, депутаттарда ушундай иштеп калышса тун ортосуна чейин
21.02.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иштебей коргулочу!!! Президент аябай жакшы ищтеп жатат талап кыла берсе эле жакшы жолго тушобузго,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: