super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Жаңыланган рекорд жана Түштүк Кореянын 4-алтын медалы. Мелдештин 11-күнүнүн жыйынтыгы

 

Кечээ, 20-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын он биринчи мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 10 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 түрү боюнча медалдар ойнотулду.

  • Биатлон;
  • Муз үстүндө бийлөө;
  • Фристайл;
  • Лыжа менен жарышуу;
  • Шорт-трек;

Биатлон

Биатлон боюнча мелдеш 20 команда арасында өттү. Ар бир команда 2 эркектен жана 2 кыз-келинден турду, анда эркектер 7 чакырым аралыкты ашып өтсө, кыз-келиндер 5 чакырым 600 метр аралыкты өтүштү. Мелдештин жыйынтыгында 1 саат 8 мүнөт 34.3 секунд жыйынтыгын көрсөткөн франциялык Мари Дорен-Абер, Анаис Бескон, Симон Детьё жана Мартен Фуркад алтын медалдардын ээси болушту. 1 саат 8 мүнөт 55.2 секунд жыйынтыгын көрсөткөн норвегиялык Марте Олсбю, Тириль Экхофф, Йоханнес Тиннес Бё жана Эмиль Свеннсен күмүш медалдарды багындырса, италиялык Лиза Виттоцци, Доротея Вирер, Лукас Хофер жана Доминик Виндиш марага 1 саат 9 мүнөт 1.2 секундда жетип, коло медалдардын ээси болушту.

Муз үстүндө бийлөө

Муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште 20 команда катышты. Канадалык Тесса Вертью жана Скотт Моир 206.07 упай топтоп алтын медалдарды тагынгандан тышкары, Дүйнөлүк рекордду жаңылады. Күмүш медалдын ээлери франциялык Гийом Сизерон менен Габриэла Пападакис болду, алар 205.28 упайга ээ болушту. Коло медалды 192.59 упай топтоп АКШлык Алекс Шибутани жана Майя Шибутани тагынышты.

Фристайл

Кыз-келиндер арасында өткөн фристайл боюнча мелдеште жалпы 24 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында канадалык Кэсси Шарп 95.80 мыкты көрсөткүчү менен 1-орунду ээледи, франциялык Мари Мартино 92.60 жыйынтыгы менен 2-орунда жайгашса, 3-орунду АКШлык Брита Сигурни жеңип алды.

Лыжа менен жарышуу

Эркектер арасында өткөн лыжа менен жарышуу боюнча мелдеште жалпы 47 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы 3 орунду германиялык спортчулар багындырды. Анда 1-орунду 23 мүнөт 52.5 секунд жыйынтыгы менен Йоханнес Ридзек ээлеп, алтын медалды тагынды. 23 мүнөт 52.9 секунд жыйынтыгын көрсөткөн Фабиан Риссле 2-орунду ээлесе, 3-орунду 23 мүнөт 53.3 секунд жыйынтыгы менен Эрик Френцель жеңип алды.

Шорт-трек

Шорт-трек боюнча мелдеште 8 кыз-келиндер командасы эстафета түрүндө 3 чакырым аралыкка жарышты. Мелдештин жыйынтыгында Түштүк Корея курама командасы алтын медалдарга ээ болду. Италия курама командасы 2-орунду ээлеп, Голландия курамасы 3-орунду ээледи.

Медалдык жарыш

Медалдык жарышта азыркы тапта лидерликти Норвегия, Германия жана Канада курама командалары сактап келе жатышат. Норвегия 11 алтын, 10 күмүш жана 8 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (11 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунда жайгашты, анын капчыгында 8 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
21.02.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия катышты беле алдынкы 10 дукта жокко же ошончолук эле слабыйбы?
21.02.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEDER_KULETOV,Россия 20-орунда келе жатат
Казакстандык Елизабет Турсынбаева кечээ бийлеп 1-турда 8-орунда келе жатат.
21.02.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россияны басынтып жатат.алтын алса да бербей жататтар
21.02.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда алтын учун шанс хоккей менен фигурное катаниеде калды,калган спорттун турунон алтын алышка шанс жок.Допинг жанжалы болбогондо алдынкы училтикте турмак
21.02.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия почти экинчи состав менен катышып жатат.
22.02.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышкы олимпиада боюнча норвегия ар дайым алдыды болуп келген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: