Кыргызгидрометтин директорунун орун басары: "Метеорологиялык станциялардын иши 2-3 жылда толугу менен автоматташтырылат"
Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев метеорологиялык станциялардын иши 2-3 жылда толугу менен автоматташтырыла турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө 33 метеорологиялык станция иштейт. “2017-жылы метеорологиялык станциялар заманбап жабдыктар менен камсыз болуп, автоматташтырылган. Ошону менен катар эле кол менен дагы эсептөөлөр болууда”, - деди Асанкожоев.
Мындан тышкары Асанкожоев аталган агенттикте 500 кызматкер иштей турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.