super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Муз үстүндө бийлөө боюнча орусиялык спортчу дүйнө рекордун жаңылады

 

Бүгүн, 21-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 11 түрүнөн мелдештер орун алууда.

"Кёнпхо" муз аренасында өтүп жаткан кыздар арасындагы муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште дүйнө рекорду 2 жолу жаңыланды. Бул рекорддорду орусиялык спортчулар багындырды. Алгач муз үстүнө чыккан Евгения Медведева 81.61 упай топтоп дүйнө рекордун жаңыласа, андан кийин чыккан Алина Загитова 82.92 упайга ээ болуп Медведевадан ашып өттү.

Кыздар кыска программада күч сынашып, өзүнүн алгачкы упайларын топтоодо. Бул мелдеште 30 спортчу өзүнүн бийин көрсөтүштү.

Орусиялык Евгения Медведева Фредрик Шопендин чыгармасына өзүнүн бийин аткарып, 81.61 упайга ээ болду. Ал техника үчүн 43.19 упай жана аткаруу үчүн 38.42 упай алды. Бул көрсөткүч кыска программада дүйнө рекорду болуп саналган.

Бирок Медведевадан кийин муз үстүнө чыккан Алина Загитова анын көрсөткүчүн ашып өттү. Ал техника үчүн 45.30 упай жана аткаруу үчүн 37.62 упай алып, жалпы 82.92 упай менен дүйнө рекордун жаңылады.

Муну менен азыркы тапта кыска программада Алина Загитова 1-орунда, Евгения Медведева 2-орунда, 78.87 упай топтогон канадалык Кэйтлин Осмонд 3-орунда жайгашууда.

23-февралда кыздар эркин программа боюнча күч сынашып, медалдар үчүн күрөшөт.






Орусиялык спортчу муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө рекордун жаңылады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
21.02.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыры орусия алтын медалга жетти окшойт
21.02.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Загитованын да видеосун жуктоп койгулачы
21.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Допинг деп дагы тийишпесе экен эми.
21.02.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хоккей менен Фигурная катаниядан алтын алсанар жакшы болот эле.лыжа командный спринт свободный стиль ден да шанс бар Спицов менен Большунов силерге кудай куч кубат берсин норвегиялык допинг колдонгон асматиктерди женсенер жакшы болот эле.
21.02.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Заитова Медведеванын рекордун басып отту го, видеосун в студию пожалуйста автор)
21.02.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун аябай жакшы колдоо болду барекелде ооруба ден соолугун чын болуп ийгиликтерди жаратып журо бер мен суйуп калдым ушул кызды чын журоктон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: