Өзбекстандык музыкант кыргыз элинен кечирим сурады
Gonzogeidar деген каймана ат менен чыгып жүргөн өзбекстандык музыкант Гейдар Алиев кыргыздарды "булганган кызга" теңегени үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бул кайрылуум менен кыргыз элинен, айрыкча кыздарынан кечирим сурайм. Менин кыргыздарды басынтуу оюм жок болчу, болгону интернетке илген сүрөтүмө жазылган, мага гана эмес, улутума чейин асылган билдирүүлөрдөн улам ошондой ыр жазгам. Сөз ким жөнүндө айтылып жаткандыгын ал адам өзү билет. Ошондуктан кимге катуу тийсе, баарыңыздардан кечирим сурайм. Кечирим суроо мен үчүн оор эмес", - деген ал видео аркылуу.
Белгилей кетсек, Алиев социалдык тармактагы баракчасына "Кыргыз - булганган кыз деп которулат" деген сөздөрдү ыр түрүндө аткарган видео жүктөп, көп өтпөй өчүрүп салган.
Өзбекстандык музыкант кыргыз элинен кечирим сурады

Бүтүн Кыргызстандын намысына шек келтиргени үчүн жазалаш керек. Ему не жалко извиниться. Жалпы улутка шек келтирген видео таратып, артынан кечирим сурап койсо боло берет беле ?
Жиним келип калды. Кол жетпегени өкүндүрөт.
otoooo pass adamdar ushuntip suiloit, ar kim ar bir ulut ozun bir jolu kuzgudon karap anan suiloso jarashat.