super.kg logo

Бишкекте апасы менен бараткан кызды сүзгөн машинанын айдоочусу кармала элек

 

Бишкекте апасы менен бараткан кызды сүзгөн машинанын айдоочусу кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-февраль күнү SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Унаа сүзүп кеткен кичинекей кыз 4 жашта. Анын ата-энеси табылды. Кызды шаардагы №3-шаардык балдар ооруканасына алып барып, ден соолугун текшерттик. Ата-энесинен окуянын чоо-жайы суралды. Андан сырткары Ахунбаев көчөсүндөгү видеокөзөмөлдү караган учурда машинанын номуру аныкталды. Азыркы тапта айдоочу изделип жатат. Ал кармалган соң толук маалымат беребиз", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Айта кетсек, 19-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы жетелеп бараткан наристе кызды унаа бир нече метр аралыкка ыргыта сүзгөн видео тараган. Мындан улам Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Башкы башкармалык видео тасма боюнча иликтөө иштерин баштаган. Ал эми кыздын атасы Ырысбек Шаршеев кызы жаракат албаганын, аялынын абалы да жакшы экенин жана эч кимге доо арызы жок экенин билдирген.






Жетелеп бараткан кызын сүзүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
21.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койгулачы кантип эле таба албасын! Аша, Сегизбаевге Индирага айтсанар алар Исраиловко айтса тез табышат эл баатыран алышкан генарал чинин алгандан кийин иштешсиндаСот УКМКа ИИМ биригишет 6 жыл мурун болгон нерсени таап чыгыштыго!Булго жаны эле экен уят эле видео фиксации болбогондо акчасын алып куноолу айдоочу африкага тундо туруп кетип калыптыр,таныбай калсын деп.Эми ТИМ таап берет бирок бюддеттен акча болуш керек болбосом жолгире жок дешип,!
22.02.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол жерде атайын пешеход бар бекен ? Же ой келди өтүп баратканбы ?

Жөө жүргүнчүлөр да малдан айрымасы жок болуп калды. Айдоочулар кээ бирлери өтү куюулуп, өпкөсү колтугунан чыгып кетти.

Эч сыйыбыз жок калды , сөгүшмөй мушташмай .
22.02.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир канча аралыкка учуп кетиптир кантип эч нерсе болгон жок, ата энеси кайдыгер го дообуз жок деп, жакшылап текшериш керек наристени
21.03.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90,Жакшылап карасан куноо апасында болтат карабай откон,ал жер кичинекей жол эмес 1же 2катар машина журуучу.Катардагы машина токтогон болсо кийинки катарды дагы карап анан отуш керек болчу,бир машина токтосо бут баары токтоду деп жолду карабай кесип отуштон алыс болуш керек.Бул видеодо анык корунуп турат ким кунолуу калыс бололу туугандар,ошол кыздын атасы тушунугу жакшы киши экен демекчимин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: