super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу балдар ооруканасына жергиликтүү чиновник эмне үчүн барганы белгилүү болду

 

Бүгүн, 21-февралда Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов таанышуу максатында барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жардамчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Анын айтымында, Сарыбашев ооруканадагы бөлмөлөрдүн тазалыгы, жылуулугу, шарттары жана тамак-ашы, дарылануу режими кандай экендигин өз көзү менен көрдү. "Эл эч токтоосуз эле кирип жатты. Эч кимге чек коюлган жок. Сарыбашов кезек күтүп турган жарандар менен учурашты, баарлашты ал-акыбалын сурады. Эч кимди киргизбегиле деген талап болгон эмес. Оорукана кадимки режимде иштеп жатты. Губернатор барып дарыгерлерди чогултуп жыйын кылган жок. Аны башкы дарыгер гана коштоп жүрдү", - деди Сулайманкулов.

Ал эми сыртта күтүүгө мажбур болгон жарандар боюнча жардамчы төмөнкүдөй жооп берди. "Оорукананын күзөт кызматы унаалардын кирүүсүнө губернатор барса, барбаса деле чектөө коёт, анткени ооруканада унаа токтотуучу жай жок. Бирок күзөт кызматы жарандарды киргизбей коё албайт, акысы да жок", - деп түшүндүрдү Сулайманкулов.
Оорукананын директорунун орун басары Жыргалбек Кадыров да Ош облусунун губернаторунун ооруканага келишинен кардарларга эч кандай тоскоолдук жаралбаганын айтты. "Таалайбек Сарыбашов элден кабар алганы келиптир. Дарыгерлер болсо өз учурунда элди кабыл алууда, операциялар өз учурунда жасалып жатат. Ал эми сырт жактагы унаа токтотуучу жайдагы унаа тыгындар бизге карабайт, аны мэрия билет”, - деди Кадыров.

Эске салсак, буга чейин окурман SUPER.KG'ге кайрылып, Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү келип, эч кимди ооруканага киргизбей жатат деп нааразычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.02.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул больницадан кече чыктык Балам экообуз , даарыгерлери аябай жакшы оз ишин мыкты аткарган адамдар экен , озгочо чоон рахматымды айтам Айбашев Калдар Акбаралиевичке жана анын команда сына бар болунуздар.
21.02.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир бала оорубасын, алтын балдарыбызга бактылуу балалык насип кылсын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: