Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарында кызмат өтөөнүн шарттарын жакшыртууга багытталган мыйзамга кол коюлду
Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 25-апрелинде кабыл алынган. Ал жазык-аткаруу тутумунун өз алдынча кызмат болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган жана аталган тутумдун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн шарттарын жана тартибин жакшыртуу максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

