super.kg logo
  Спорт  

Муз үстүндөгү бийчи Алина Загитова: "Дүйнөдө менин программам эң оор экендигин баары билет"

 

Орусиялык муз үстүндөгү бийчи Алина Загитова маалымат жыйын өткөрүп, анда Кышкы Олимпиада оюндарындагы жеңиши тууралуу айтып берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал дүйнөлүк рекордду жаңылаганына дароо ишенген эмес.

"Мен дүйнө рекордун жаңыладымбы? Мен билген эмесмин. Мындай болгонуна кубанычтамын. Дүйнөдө менин программам эң оор экендигин баары билет. Аны так аткарсам, эң жогорку упайларга ээ болом", - деген спортчу.

Ошондой эле мекендеши Евгения Медведева менен болгон атаандаштыгы тууралуу да айткан.

"Атаандаштык мындан да жакшы бийлөөгө шыктандырат. Эң башкысы машыктыруучулар жана көрүүчүлөр канааттанды. Евгения экөөбүз доспуз, ал эми спортто атаандаштык боло берет", - деп кошумчалаган ал.

Айта кетсек, Алина Загитова жана Евгения Медведева бүгүн, 21-февралда муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште кыска программа менен бийлеп чыгып дүйнө рекорддорун жаңылашты. Алгач муз үстүнө чыккан Евгения Медведева 81.61 упай топтоп дүйнө рекордун жаңыласа, андан кийин чыккан Алина Загитова 82.92 упайга ээ болуп Медведевадан ашып өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
21.02.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо, Казакстандык Турсынбаеванын дагы бийлеген видеосун сайтка жуктоп коесуздарбы...
21.02.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын кыз экен. 15 эле жашта. Атын да Алина Кабаеванын атынан коюшуптур.
21.02.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат кыз экен. Сонун аткарыптыр. Таланттуу кыздар бизде да коп болсун.
21.02.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун кайдан корсом болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: