Журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы апасы: "Мени мүңкүрөтө көрбөгүлө, тиги дүйнөгө ушул үйдөн сөөгүм чыкса деген оюм бар"
Журналист Нарын Айыптын апасы Райла Идинованын сотторго жасаган видео кайрылуусу интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланууда. Анда 90 жаштагы Идинова сотторду адилеттүүлүккө чакырып, жашап жаткан үйүн жолдошу менен бирге иштеп жүрүп алганын, бул үйдө төрт үй-бүлө баш калкалап жатканын айткан.
"Мени үйүмдөн ажыратпагыла! Бул үйдө менин уулумдун эмгеги жок. Биз бул үйдү 1980-жылдары жолдошум экөөбүз кезекте туруп алганбыз. Үйгө ээ болгондо абдан сүйүнгөнбүз. Мен 1928-жылы туулгам. 90 жаштамын. Эми үйдү алып койсо мен көчөдө калып өлөмбү?
Мындан ары кандай болорун билбейм. Айлам кетип, зээним кейип жатат. Уктай албай, кайгыны көтөрө албай кетип жатам. Соттор, акыйкаттык кыла көргүлө, айланайындар. Баарыңарга ыраазы болоюн. Бул үйдө төрт үй-бүлө жашайбыз. Оорулуу баласы бар, күйөөсү каза болуп калган кызым жашайт. Дагы бир жолдошу жок үч балалуу кызым үйү жоктугунан ушул жерде туруп жатат. Бизди мүңкүрөтө көрбөгүлө, мен мүңкүрөп кейип калбайын. Ушул жашка келгенде тиги дүйнөгө ыраазы болуп, ушул үйдөн сөөгүм чыкса деген оюм бар. Бул абышкамдын эмгеги", - деп айтылат Идинованын кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, Нарын Айып экс-президент Алмазбек Атамбаевден миллиондогон сомдук доого жыгылган журналисттердин бири. Ал Атамбаевге 9 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Буга чейин Алмазбек Атамбаев доо арызды төлөтүү үчүн Нарын Айыптын Бишкектеги үйүнүн үчтөн бир бөлүгүн сатыкка койдурууну соттон өтүнгөн. Журналисттин үйү боюнча маселени Октябрь райондук соту эртең, 22-февралда карайт.


Уят болот эгер тамды алып, токсондогу
Энени зар какшатсанар ,Кимин болсо да
Эненин каргышына каласынар ...!!!!
Биз чет жакта иштеп эптеп 30, 40миң айына тапсак.
А сен бир доо арыз абийриме шек келтирди деп уялбай сразу 12миллионду төлөсүң деп атасың.
Уят, уят ,уят!
Бир мейли миллираддарды топто баары бир ал байлыгың калат, өлөсүң акыретте сенин акыбалыңы көрөөрбүз буйруса.
Айтчу сөзүм көп баары бир сага окшогондорго без полезно.
Жаратканым албетте, жазаңды берет!