super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Ак-Суу районунда мектеп күйүп, окуучулар имараттын өрттөн аман калган жагында окуп жатышат

 
Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы Касымаалы Эшимбеков атындагы орто мектептин имаратынан 18-ноябрь күнү саат 6:20 чамасында өрт чыкканы туурасында Ысык-Көл облустук өрткө каршы күрөшүү кызматына маалымат келген. Окуя болгон жерге Ак-Суу райондук жана Ысык-Көл облустук аскердештирилген өрт өчүрүүчүлөр тобу барган. Бул туурасындагы маалыматты Ысык-Көл облустук өрт коопсуздугу кызматынын өрттү алдын алуу бөлүмүнүн ага инспектору Бекжан Жексембиев билдирди. Өрттүн кесепетинен мектептин чатырынын жыгачтары, полдору күйүп, жалпысынан 120 чарчы метрди ээлеген бөлүгү күйгөн. Өрттүн чыгуусуна электр жабдууларын колдонуу эрежелерин бузуу себеп болгону айтылууда. Эске салсак, окуучулар имараттын өрттөн аман калган жагында окуп жатышат. Учурда тилсиз жоонун чыгуу себептери жана өрттөн келтирилген зыянды аныктоо иштери жүрүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: