Депутат Мадеминов: "Эркектердин тукумсуздугу статистика боюнча коркунучтуу көрсөткүчкө жетти"
КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов учурда азык-түлүк дүкөндөрүнөн дарыканалардын саны көбөйүп кеткенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Айыл жеринде ата-энелер дарыгерлерге барбай дарыканадан балдарына антибиотиктердин баарын алып берип жатышат. Ошонун кесепетинен эркектердин тукумсуздугу статистика боюнча коркунучтуу көрсөткүчкө жетти. Медицинада ачык айтпай жатасыңар. Антибиотиктерди сатууну көзөмөлдөсө болобу?” – деп сурады.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев көзөмөлгө алса боло турганын айтып, бирок көнгөн адаттан арылуу кыйын экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ал эми негизги себеп жумушсуздукьун айынан тышкы миграция... Балдар мектепти аяктап эле Россияга иштегени кетип суукта иштеп жатышат ден-соолугу каралбай... Катуу суук откону учун да жогорудагыдай койгойлор жаралып отурат...
Ошол 120 жепжутарды жоюп казынадан акча уурдаганды токтотконунарда, тышкы миграция азайганда проблема азаят.