super.kg logo

Жогорку Кеңеш Алматыда кармалган депутат боюнча билдирүү жасады

 

Жогорку Кеңеш депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши боюнча Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге дыкаттык менен көз салып турарын билдирет жана буга чейин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тараткан билдирүүгө толугу менен кошулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Асылбек уулу Дамирбек социалдык-экономикалык маселелерди парламент трибунасынан байма-бай козгоп, жигердүү иш жүргүзгөн депутаттардын бири. Андан тышкары ал күрөш боюнча Кыргыз жана Казакстан желегинин алдында эл аралык таймаштарга катышып, спорт дүйнөсүнө кеңири таанылган ишмер.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кесиптеши Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулиндин атына кат жолдоду. Жогорку Кеңеш Казакстандын аймагында кармалган Кыргыз жарандарынын, анын ичинде депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан мыйзам чегинде, адам укуктарын сактоо менен жана акыйкат иликтенет деп ишенет", - деп айтылат парламенттин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
21.02.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Депутатпы жонокой жаранбы коргосонор 3тен коргогула да, кылмыш кылдыбы жазасын алсын бийликте отурган адам жонокой адамга караганда миллиондогон зыян кылышы мумкун мамлекетке.
21.02.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийликке, анын ичинде Жогорку Кенешке ууру-каракчылар, криминал менен контрабандисттер чогулуп алганынан дагы бир далил...

Эми Жогорку Кенеш айласы кетип актап жатабы спорсмен эле, палан-тукун эле деп...

Уялбайсынарбы 120 и.р..к кылмышкер коллеганардын камчысын чаап таза дегенден....

Эгер Жогорку Кенештин абалы бул болсо, Жогорку Кенешти токтоосуз таркатыш керек!!!
21.02.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оа КЫРГЫЗСТАН эле адам укуктарын сактоо,мыйзамдын чегинен чыкпай адилеттуу карап жатат хи хи хи
Жазсанар,суйлосонор эле создорду алтын тамгадан тизип жазып,суйлойсунор.
Казак бийлиги оздору сонун билет мыйзамдуулук,адилеттуулук кайсыл жакта экенин ХХХтер
21.02.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунөөлүнү актап, күнөөсүздү каралап коесүңар ээ! !!!!!
21.02.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптеп актайын деп жатасынарбы?!Эми тушунуктуу буларга окшогондор Кыргызстанда да кармалып тез эле элге билинбей бошоп кетишет!Кокустан элге билинип калса актап мактап жиберет окшойсунар!Жакшы башка жакта кармалыптыр!Эмне коркосунарбы?Силерда аралашкаесынар долянар барбы титиреп калтырап куноосуз кылып Казакстанда мыйзам иштейт Силердин мыйзамынар карапайым элге гана иштейт каматып жок кылганынарга!Озунорго иштебейт ХХХХ АК уйдон башталдыго ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-22 09:27:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: