Аалымдар кеңеши Чубак Жалиловдун Нооруз боюнча айткандарына баа берүү маселесин карайт
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу айткан пикири боюнча Аалымдар кеңешине кат жөнөттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү SUPER.KG сайтына билдирди.
Маалыматка караганда, комиссия Аалымдар кеңешине жөнөткөн катында Нооруз майрамы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн расмий майрам экенин белгилеген.
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраевдин билдирүүсүндө, Жалиловдун аталган майрам тууралуу айтканы каралып чыгып, баа берилет.
"Менде бул тууралуу азырынча маалыматым жок, бирок дин иштери боюнча комиссия ошондой кат жөнөтсө сөзсүз түрдө Чубак Жалиловдун Нооруз тууралуу айткандарына баа берүү маселеси Аалымдар кеңешинде каралат", - деди Ибраев.
Эскерте кетсек, Чубак Жалиловдун "Нооруз майрамы кыргызга, дегеле мусулмандарга тиешеси жок майрам" деген пикири коомдо кызуу талкууга алынып, талаштуу пикирлерди жараткан.

Бутпарастардын майрамы да.
Ноо-руз экиге болунот бириси иран тилинен бири тажик тилинен кыргызчага которгондо жаны жыл болот.
Кобураак ойлонуп коргуло каапырлардын кылыктарын табасынар
Ислам майрамдары дегеле коп
Жумасына келчу жума куну, орозодо 30 кун бою майрамданыз. Курман айт. Айтып олтурсак толтур
Кошулам жакшы тилек кылып бата тилеп майрамдасак эч бир майрамдын зыяны жок.
Кичине чындыкты жазып журчу, адатынча жомок айтпай.....
Бирок сизди эч ким майрамдаба деп байлап койгону жок, майрамдай бериңиз, тигил ""чычкак"""таган"" деген сөзүңүзгө аябай күлкүм келди.
Нооруз диний майрам эмес биринчиден. Экинчиден Ноорузда КЫРГЫЗ ЭЛИ отко, сууга, ташка сыйынбай эле Алла Таалага сыйынып тилек кылат. Бул дегени ислам динине эч каршы келбейт. Ошондуктан Нооруз каапырлардын майрамы дегендер муржунун учун коро албаган, дуйно таанымы кыска шор пенделер...
Чубак экоон Ноорузду майрамдабасан кой, бирок элге акыл уйротпой оз жолунарда жургуло. Бугун Жаны Жыл, Ноорузду майрамдабагыла деп, эртен 1-май, 9-май марамдарына тыю салып чыккынар бар.
Ошондо сен озунду мусулманмын дейсинби?!! Мусулман болсонор динге "жанылык" киргизбейт эленер...
Ал эми Нооруз диний майрам эмес, исламга каршы келбейт. Ноорузду калын эл майрамдайт.