super.kg logo

Январь айынын акыркы 5 күнүндө "Бишкек жылуулук тармагы" 54 миллион сом чыгаша тартты

 

"26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам үй, батир, кеңселердеги 575 жылуулук батареялары бузулган. Бул тууралуу 21-февралда өткөн маалымат жыйында "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын Үй ичиндеги жылуулук жабдуу системдери башкармалыгынын башчысы Павел Рыбалкин билдирди.

“Алардын баары эскирип калган. Көпчүлүк үйлөрдө, батирлерде, кеңселерде жана башка мекемелерде ушундай көрүнүш. 575тин ичинен 92си жараксыз абалга келген”, - дейт Рыбалкин.

“Бишкек жылуулук тармактын” директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары Нурлан Кайдуев жылуулуктун баасы эмне үчүн кымбат болгонун мындайча түшүндүрдү: “2017-жылдын январында суук -15 градус болгон, 2018-жылдын январь айындагы суук -6,2 градус болду, ушуга байланыштуу төлөм көп чыкты. Себеби канчалык суук катуу болсо ошончолук жылуулукка болгон чыгым көп колдонулуп, көмүр, мазут жана башка каражаттар көп колдонулат”, - деди ал.

Мекеме январь айынын акыркы беш күнүндө 54 миллион сом чыгымга учураган. Ал эми февраль айындагы эки күндө канча чыгаша тартканы эсептелинип жатканын ААКнын Баланс жана анализ бөлүмүнүн башчысы Аида Абасбекова айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдогу батерияларды силер карабайсынарго эмнеге аларды эсептеп жатасынар 5кундо 54,мл сом чыгаша болсо анда биздин ТЭЦке жакшы эле акча тушот экенда.
plaza85 түзөттү 2018-02-22 09:04:30
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: