super.kg logo

Кыргыз Республикасы коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде 135-орунду ээледи

 

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 100дөн 29 упай алып 135-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык "Transparency International" уюмунун чыгарган жыйынтыгында маалымдалат. Анда айтылгандай, 2016-жылга карата чыгарылган жыйынтыкта Кыргыз мамлекети 136-позицияда болсо, 2017-жылы бир тепкичке айырмаланган.

Ал эми рейтинг боюнча биринчи орунга мурдагы жылдардай эле Жаңы Зеландия (89 балл), экинчи орунга Дания (88 балл), үчүнчү орунга Финляндия, Швейцария жана Норвегия турган (85 балл). Акыркы орунга Сирия (14 балл), Түштүк Судан (12 балл) жана Сомали жазылган (9 балл).

Коңшу мамлекеттердин ичинен рейтингде Өзбекстан 157, Тажикстан 161, Казакстан 122-орунда тизилсе, Орусия Кыргыз мамлекети менен бирге 135-орунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.02.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Вообще, азыр айылдагы ФАПтан,айыл өкмөттөн баштап баары эле пара алышат. Болбосо ишиң бүтпөй убарасың
22.02.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тан калыштуу эмнеге Россия менен тен болгонбуз,бизге салыштырмалуу Россияда коррупция жокко эсе же болсо да аз.Туура эмес эсептешкен
22.02.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TazaKyrgyz,Россияда дагы озубуздун кыргыздар коррупция кылышат. Менин тан калганым, карале жумуш болсо да, бир айлык айлыгын алып анан ишке орноштурушат. Озу Кыргызстанга келе турган болсо да ордуна койгон адамдан пара алып анан ордуна коет.
23.02.2018. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TazaKyrgyz, жокко эсе))))) мынча ишенчээк байкушсунар. Бийлик алмашпаган олкодо коррупция болбой анан эмне болот.
22.02.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул рейтингтерине мен ишенбейм. Себеби коррупция деген нерсе озу жашыруун турдо болсо, анан булар кантип кандай денгээлде экенин аныкташат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: