Чүйдө жеңил унаа жол кырсыгына учурап 2 адам жаракат алды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаа жол кырсыгына учурап, кийин өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-февралда саат 8:00дөр чамасында болгон. Анда Toyota үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, бакты сүзүп, кийин Ат-Башы каналына түшүп күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алып, алар "Тез жардам" кызматы менен Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.