Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоз 12 жашар баланы сүзүп, ал оор абалда ооруканага жеткирилди
Бишкек-Ош унаа жолунун 68-чакырымында бензовоз 12 жашар баланы сүзүп, ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-февралда саат 16:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 68-чакырымында болгон.
"Бензовоз жолду туура эмес кесип өтүп бара жаткан 12 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кийин жолдон чыгып чиркегичи оодарылып, 15 тонна мазут төгүлгөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары, басма сөз кызматынан жол кырсыгынан жаракат алган өспүрүм Кара-Балта шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин, учурда абалы оор экенин кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Maaalina

22.02.2018. 10:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы, дагы жаш бала. эмнеле чечишпейт.кундо болобереби аракет кылышпайбы.бварибирби биздин чондорго.сакайып кетсекен бала
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.