super.kg logo

Депутат мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмү жаратпай жатканын айтты

 

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмү жаратпай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-февралда парламент жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда депутаттар "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганы боюнча жарлыкты жакшы деп айтышат. Албетте, колдош керек, бирок аны иш жүзүндө көрсөтүү зарыл. Ал жерде бир топ тапшырмалар коюлган. Мен депутат катары 7 айдын тегерегинде чоң мыйзам жазып, парламенттин тийиштүү комитетинде өкмөттүн өкүлдөрүн кошуп, жумушчу топ түзгөнбүз. Ал мыйзамдын маңызы бизде 9 миллион гектардын тегерегинде жайыт бар. Ошол жайытты анализдеп чыкканда 500 миң гектар жердеги жайыт төмөн түшүм берет экен. Ошолорду категорияга бөлүп, жайыттарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берели деп мыйзам жаздык. Мыйзам долбоорду өкмөт колдоп, Экономика министрлиги тез кабыл алсак экономикага салым болот деп айтып жатат. Бирок эң кызыгы өзүбүздүн Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмү бул мыйзам туура эмес, Конституцияга каршы келет деген чечимдерди чыгарыптыр. Урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы, аппарат жетекчиси мыйзам долбоорун көз карандысыз юридикалык бөлүмгө берели карап чыксын", - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: