super.kg logo

Депутат: "Ош базарында" өрттөн жабыркагандарга бийликтен жардам берилбей, коркутуулар болууда"

 

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев "Ош базарында" өрттөн жабыркагандарга жардам берилбестен коркутуулар болуп жатканын айтты. Депутат өкмөттүн өкүлүн жана Жогорку Кеңештин төрагасын бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

"Ош базарында" бүгүн миңге жакын адам жумуш орунсуз калды. 300дөн ашык соода орундары өрттөнүп кетти. Бир эле орунда 3-4 адам иштейт. Анткени бирөө товарын алып келип, экинчиси сатып, дагы бири башка жумуштары менен алек болот. Ошондо миңге чукул адам жумушсуз калды. Бийликтегилер жабыркагандарга "арыздансаңар силерге компенсация бербей коёбуз" деп коркутуп жатышыптыр. Ошол жердеги карапайым эл азыр коркуп арызданбай жатат. Бул боюнча мага 30га жакын арыз келип түштү", - деди Жолдошбаев.

Эскерте кетсек, 30-январда эртең мененки саат 9:48 чамасында Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыгып, кечки саат 18:29да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт жалпы "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундарын каптап, анын аянты 3 500 чарчы метрге жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.02.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош базарынын жетекчилиги өрт коопсуздук эрежелерин ар дайым текшерип айрыкча кышында катуу көзөмөлгө алыш керек эле. Эми минтип карапайым эл жабыр тартып жатат бийлик өкүлдөрү эч качан жардам бербейт алар өздөрүнүн чөнтөгүн ойлойт
22.02.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эми, жабыр тарткан элге болушуп, жакшы маселелерди которуптурсуз. Аягына чейин чыгып, жардам бериниз. Депутаттардын машинасы жок жургонунон уялам, деп жаман соз болдунуз эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: