super.kg logo

Депутат Сабиров Жогорку Кеңештин Карамолдо Орозовдун 135 жылдык мааракесине байланыштуу токтому аткарылбай жатканын айтты

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин комузчу Карамолдо Орозовдун 135 жылдык мааракесине байланыштуу токтому аткарылбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

"Быйыл залкар комузчу, көрүнүктүү композитор, Кыргыздын эӊ алгачкы эл артисти Карамолдо Орозовдун 135 жылдык мааракеси белгиленет. Ал тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган. Тилекке каршы, ал токтомдо камтылган иш-чаралар аткарылбай жатат. Жогорку Кеӊештин токтомуна ылайык, залкар комузчу туулган Ысык-Көл районундагы Корумду айылында анын ысымындагы маданият үйү курулуш керек болчу. Бирок азыркыга чейин курулбай турат. Андан башка дагы иш-чаралар аткарылган жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш", - деди Сабиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кайдагы олуп кеткендердин пайдасыз маареке, той-аштарына келгенде озунордун кара курсагынарды ойлоп акча табасынар бюджеттин чонтогун кычык-пычыгына чейин чукуп, издеп, бирок канчалаган тируу жургон уйу жок, кыйналып жашап жургон мекендештерибизге келгенде бюджетте акча жок, акча тартыш, кризис, карызыбыз коп деп иин кууштуруп алакан жаясынар уяты жок жегичтер. Ошо маарекелерден жегенинердин баары арам болсун силерге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: