super.kg logo

MegaCom компаниясы кыргыз элин Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайт

 

Алдыңкы мобилдик оператор кыргыз элин келе жаткан Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайт. Бул күн – эр-азаматтарыбызга мүнөздүү болгон кажыбас кайратты, эр жүрөктүүлүктү, мекенчилдикти даңазалаган күн. Алар Манас атабыздан калган мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо осуятын ар-намыстуулук менен аткарып келишет. Өз кезегинде, MegaCom Ата Мекенин коргоону ыйык парз катары түшүнгөн ар бир Кыргыз жаранын, айрыкча өз өмүрүн мекенин коргоого арнаган аскер кызматчыларын – ардагерлерди, учурда кызмат өтөп жаткан жоокерлерди, болочок мекен сакчыларын куттуктоо менен, аларга чың ден соолук, бейпил жашоо, жакындарынын кубанычтарына чулганган бактылуу көз ирмемдерди каалайт.

Майрамды утурлай, MegaCom уюштура турган акцияга катышыңыз. 23-февралда компаниянын кооз шарлар менен жасалгаланып, өзгөчө шаңга бөлөнө турган Сатуу жана тейлөө борборлорунда, мегабайттар жана мүнөттөрдөн турган белек топтомдору түрүндөгү жагымдуу бонустар аракетте болот. Балансты 100 сомдон 200 сомго чейинки суммада толуктоодо интернеттин 100 мегабайты, түйүн ичиндеги акысыз 50 мүнөт; 200дөн 500 сомго чейин чейин толуктоодо интернеттин 512 мегабайты, түйүн ичиндеги акысыз 75 мүнөт; ал эми толуктоо 500 сомдон жогору болгон учурда интернеттин 1 гигабайты жана түйүн ичиндеги 100 мүнөт берилет.

Уюлдук оператордун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда «Элдик 120», «Элдик Интернет 130», «Элдик Интернет 170» жана «Күн-Түн 3ГБ», «Күн-Түн 8ГБ» топтомдорун кошууда болсо, MegaCom абоненттерин компаниянын фирмалык азем белектери күтөт.

Акцияга катышып, жагымдуу белектин ээси болуңуз жана жакындарыңызга да майрамдык маанай тартуулоону унутпаңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куру кол эле куттуктабай 100 200 сомдон ед салбайсынарбы е. Кичине чыгаша кылып. Куттуктамыш болуп калп эле реклама кылбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: