Депутат Жамалдинов мектеп директорлорун 5 жылдык мөөнөт менен дайындоону сунуштады
Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов мектеп директорлорун 5 жылдык мөөнөт менен дайындоону сунуштады.
Эл өкүлү айрым аймактарда мектеп директорлору 10 жылдап кызматта отуруп, ал жерди менчигиндей көрүп калганын айтты.
"Алар мектептерди өз менчигиндей көрүп калгандай сезилет. Ал директорлор жаш мугалимдерге аз саат берип, шайлоо учурунда кайсы бир партияга үгүт жүргүзүүнү тапшырып, аны аткарбай койсо аларга басым жасашат экен. Мектеп - бул биздин келечек, балдар мындай шартта кандай билим алат? Мектеп директорлору ар 5 жыл сайын алмашып турушу керек", - деди Жамалдинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Мына айыл окмотко депутаттарды шайлап жатасынар, алар болсо айыл окмот башчысын шайлап жатат. Ошолордун канчасы депутат же айыл окмот башчысы болууга татыктуу?!! Бут эле кат сабаты эптеп жоюлгандарды шайлап отурасынар го, акчасына кызыгып!!! ЖК 120 жепжутарды шайлаганынар сабак болбодубу?!!