super.kg logo

Депутат: "Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча маалыматыбыз жок"

 

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча маалыматтар 21-февралдан тартып айтыла баштады. Парламенттик "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров бул тууралуу SUPER.KG`ге оюн айтып берди.

"Мен Дамирбек Асылбек уулун көп жылдан бери спортчу катары тааныйм. Анын кош жарандуулугу тууралуу маалыматтар кайсы бир так көрсөтүлбөгөн булактарга шилтеме берүү аркылуу айтылып жатат. Менимче, баары тергөө учурунда белгилүү болот", - деди депутат.

Таалайбек Масабиров расмий органдардын Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар же жок экенин тастыктаганы боюнча маалыматын уга электигин айтты.

"Мен расмий органдардын маалыматын уга элекмин. Анын кош жарандуулугу боюнча бизде эч кандай маалымат жок", - деди Масабиров.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.02.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда алар депутаттын кош жарандуулугун тастыктаган маалымат келип түшкөнүн, билдиришти.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/221261/

Маалыматыбыз жок деп олтура бербей, алыш к.к маалыматты.
Bars111 түзөттү 2018-02-22 12:07:42
22.02.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындайда олумуш болуп эч нерсе билбей калышат.
22.02.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олуп кетип жатсанарда чын суйлогулочу!Жалганчы эч качан жарыбайт!
23.02.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде документтерин текшербей эле,жумушка ала беришеби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: