super.kg logo

Кара-Сууда өрүктүн ширесине ууланган балдардын дагы бири чарчап калды

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда өрүктүн ширесине ууланган балдардын дагы бири чарчап калды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 21-февралда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаш 2 айлык бала чарчап калган.

"Тойго баргандар үй шартында жасалган шире ичип ууланышкан. Абалы жакшы болуп калгандары үйлөрүнө чыгарылып отуруп, 6 адам калган болчу. Кечээ, 21-февралда алардын бири, 2 жаш 2 айлык бала чарчап калды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, 12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында тургундар өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Уулангандар тамактанган М.К. аттуу тургундун үйүнөн тамактын калдыктары экспертизага алынган. Ошондой эле алардын үйүндөгү кышка даярдалган 45 банка ар кандай азык-түлүктөрдү экспертизанын жыйынтыгы толугу менен чыкмайынча колдонууга тыюу салынган.

Кийин оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган балдардын бири 17-февралда чарчап калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.02.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш наристе жайы жаннат болсун журогум ооруп жатат деги абайланыздарчы бейкуноо наристелердин олуму кобоюп эле баратат
23.02.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесине сабыр,апасы да больницада жатат ууланып. Бейкуноо наристе жайы жаннатта болсун,калгандарына шыпаа берсин Аллахым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: