super.kg logo

Президент: "Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматында иштегендер ишкерлерден акча талап кылышканы боюнча фактылар бар"

 

Бүгүн, 22-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечиминде белгиленген аталган кызматтын алдында турган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Мамлекет башчысы кызматка экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча милдеттер жүктөлгөнүн айтты. Президент билдиргендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги, айрым катардагы кызматкерлер дагы жетишсиз чараларды көрүп жатканын белгиледи.

"Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо, алардан акча доолап алуу максаты менен козголуп жатканы боюнча фактылар бар. Жарандардан жана таза иштеген ишкерлерден силердин кызматкерлердин мыйзамсыз иш аракеттерине болгон арыздар токтобой келет. Ошондой эле чакан жана орто ишкерликтин таза иштебеген өкүлдөрүнүн иштерин жашыруу фактылары дагы бар", - дейт Жээнбеков.

Мамлекет башчы контрафакт спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу, жашырынып иштеген кумар оюндар жайларын аныктоо, аймактарда күйүүчү майларды аткезчилик жолу менен ташуу фактыларын алдын алуу боюнча жетишсиз жумушун белгиледи. Ошону менен катар эле Жээнбеков бул багыттагы ишти күчөтүүнү талап кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
22.02.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талапты катуу коюш керек иштесен иште болбосо кет деп эле айтыш керек.
Коррупция менен курошуучулор оздору батып калган коррупция га.
Коррупцияга жазаны Омур бою эркинен ажыратууга чейин которуш керек.
Азыркыз 8-15 жылга чейинки да аз.
Болбосо бизде токтобойт коррупция
dastan.bujun түзөттү 2018-02-22 14:25:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: