Америкалык жаран үйүнө кирген скунстан кутулам деп жатып үйүн өрттөп алган
Скунс. Бул сүрөттүн окуяга тиешеси жок
Американын Мичиган штатынын жашоочусу скунстан кутулам деп жатып өз үйүн өрттөп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, америкалык жаран үйүнүн жер төлөсүнө кирип алган скунстан кутулуу үчүн түтүн чыгаруучу затты жер төлөсүнө ыргытып жиберген. Натыйжада үйдүн жер төлөсүндө өрт тутанып баштаган. Үй ээси ошол замат өрт өчүрүү кызматына кайрылганы менен, алар келгиче тилсиз жоо үйдүн чатырына чейин каптап кеткен. Өрт өчүрүлгөнү менен, үй толугу менен күйүп кеткен.
"Үйдө чынында колго урунар эч нерсе калган эмес, үй ээси бир топ мүлкүнөн айрылды, өрттү өчүрүүгө аракет жумшадык, бирок өрт биз келгенде үйдү толугу менен каптап калган", - деп билдирген өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Кевин Салливан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:10
2025-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Asyl.jazi
23.02.2018. 07:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Битине өчөшүп, көйнөгүн өрттөптүр болуптур да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















