Ош шаарынын вице-мэри: "Бейрасмий маалыматтар боюнча Ош шаарындагы жашоочулардын саны 500 миң"
"Ош шаарынын аянты учурда 18183 гектар. Шаардын жашоочуларынын саны 260 миң". Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ЖКнын жыйынында Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев билдирди. Айтымында, бейрасмий маалыматтар боюнча, калктын саны 500 миңден ашат. “Эгерде “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзам долбоору колдоо тапса, Ош шаарынын аянты 72811 гектар болуп кеңейип, шаар тургундарынын саны 70 миң адамга көбөйөт”,- деди ал. Айта кетсек, ЖКда "Ош шаарынын макамы жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

