super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз качан аялдардын артына жашынчу эле? Бул уят!"

 

"Мен нааразычылык акциясына чыгып, жол тоскон аялдарга таң калам",- деди президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада. "Жолду Баатыр энелер тосууда" деп айтып жатышат. Мисалы, мен аларды Баатыр эне дей албайм. Бизде Курманжан датка деген Баатыр эне болгон. Өз уулунун өмүрүнөн элдин кызыкчылыгын жогору коюп, "бир уулумдун айынан бүт элдин азап тартышын каалабайм" деп айткан",- деди президент.  

 

"Ал эми жол тоскондор Баатыр энелерби же ОБОНчуларбы? Аялдарды алдына салып, артына жашынгандарды ким дейбиз? Мырзаларбы? Аялдарга мындай мамиле кылуу туура эмес, аялзаты -  ыйык. Кыргыз качан аялдардын артына жашынчу эле? Бул уят!"- деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: