Нарында ок атуучу куралдар жана жарылуучу зат табылды
Нарында ок атуучу куралдар жана 1 жарылуучу зат табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында 2018-жылдын 20-21-февраль күндөрү “Селсаяк” жана “Издөө” аталышындагы рейд жүргүзүлгөн. Анын алкагында 85 адам жана 171 автоунаа текшерилип, жыйынтыгында мыйзамсыз ок атуучу куралдар жана 1 даана жарылуучу зат табылган. Мындан сырткары мал уурулук, алдамчылык жана каракчылык фактысы боюнча 10 кылмыштын бети ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.