super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Арча-Бешик конушуна газ киргизүү үчүн жолдорду казып, ошол боюнча оңдошкон эмес" дейт окурман

 

"Бишкектин Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү газ киргизүү үчүн казып, ошол боюнча оңдошкон эмес. Азыр кичине жаан жааса же кар эрисе эле жолдун баары баткак болуп, эл кыйналып жатат", - деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.

"Биз Арча-Бешик конушунун Миң-Куш көчөсүндө жашайбыз. Бул жактагы көчөлөрдүн баарына шагыл төгүлүп, оңдолгон эле. Былтыр жайында газ киргизүү үчүн жерди казып, ошол боюнча оңдошкон жок. Азыр кичине жаан жааса же кар эрисе эле жолдун баары баткак болуп, элди кыйноодо. Бул бир гана биздин көчөдө эмес, дээрлик аталган конуштун бардык көчөлөрүнө тиешелүү. Учурда айла жоктон бутубузга желим баштыктарды кийип алып, үйгө жетүүгө туура келип жатат. Биздин көйгөйдү чечүүчү жактарга кайрылып, жолдорго асфальт төшөбөсө да, жок дегенде шагыл төгүп берүүсүн суранабыз", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.02.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии ботинке тутпойт да кышында
23.02.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай кочо силерде эле болгонсуп, олко б-ча ушундай корунуш.Катуу тийсе кечирип кой.
23.02.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип кой бирок суранычын орундалбайт баары бир, тууган.
23.02.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи газ киргенби казганга жараша
23.02.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озунор деле аракет кылгылада мамлекет деп эле отура бербей..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: