Иранда полиция жоолугун чечкен аялдарды ур-токмокко алып, камакка алды
Ирандын баш калаасы Тегеранда жоолугун чечкен эки аял жергиликтүү полиция тарабынан ур-токмокко кабылып, камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аялдар милдеттүү түрдө баш кийим кийип жүрүү мыйзамына нааразы экендигин билдирип чыгышкан.
Алар эл көп чогулган жердеги бийик секиге чыгып, жоолуктарын чечип колдоруна кармап турушкан.
Аялдардын бири Шапарак Шахизадех 21-февралда кармоо учурунда ур-токмокко кабылганын анын үй-бүлөсү билдирип чыкты. Экинчи аял 22-февралда кармалганы кабарланууда.
Айта кетсек, февраль айынын башында Иран полициясы жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармаган. 1979-жылкы Ислам революциясынан кийин Иранда аялдар милдеттүү түрдө хиджаб кийип калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
1

Ирандыктар диндин карангылыгын коруп жатышат. Аялдардын укуктары дин аркылуу абдан чектелген. Эски шарыяттарды элдин жашоо турмушуна киргизбешибиз керек.
Ирандык аялдарды колдойм. Канча жылдан бери иран аялдары хиджаптан кутула албай келишет. Бийликтин аялдарга болгон диний катаал мамилеси, аялдардын укуктарын которгон жок. Бизде тескерсинче кээ бир жаш кыздар хиджабты ыйык тутуп, анын артында ирандын саясаты жатканын байкашпайт. Чыныгы ишеним сакал, хиджапта эмес, журокто гана болот. Фанатизмдин кереги жок.
Биздин хиджапка оронгон кыздар светтик мыйзамдуу мамлекетте жашашкан учун оздорун эркин алып журушот. Эгер ушулар Иран, Сауд Аравияда ж.б исламдашкан олколордо жашашканда уйдо камалып жатышмак. Жашоодо омур бою чала молдолордон токмок жеп уйдо камалып жатмаксынар. Шарыят сиздерди коргоого албайт. Диний фанаттар эч убакты аялдарга жакшылык кылышпайт. Ошондуктан билимдуу жана дуйно таанымы жогоруу адамдардан улгу алганыбыз жакшы.
Созунузго 100% кошулам. Азыр жапайчылык заман эмес. Аялдар негизи ажайып кооз кийинип эле жургону жакшы. Дин десе эле чумконуп, оронуп, молдолордун созуно ишенип, элдерден озундун жузунду жашырбай, эркин эле жургон жакшы. Динден деле иран аялдарынын жашоосу жакшы жака озгоруп кеткен жок. Болгону эркиндик укуктары чектелип эле калды.
Азыр намаз окубай, хиджаб кийбей эле туз, туура жургон кыздар эркектер толтура журушот. Ыйман деп койсо эле динге башы менен кирип, буту менен чыгып, фанат болуп, ар кайсы диний кийимдерди кийип алышат. Молдолор куноо деп койсо эле, аларга ишенип алып, создорун далили катары кармашып, кыл дегенин кыла беришет.
Кошулам. Кептин баары билимсиздикте, карангылыкта жана диний фанатимзде.
Телефонубузду не себептен чехол кийгизебиз?
Телефондун экраны чыйылбасын деп устунон стекло койобуз,койбосок не болот?чехол кийгизбесек не болот?эркексинби ар бир эркек ар бир аял не учун озуно телефонго конул бургандай озуно конул бура албайт?телефонду чыгарган кампанияда телефон учун бут керектуулорду кошо чыгарган?эми ойлонуп королу?биз учун да Аллах Таалам баардык коопту болбосун деп ал адамга зыяны тийип калбасын деп аялдарга хиджапты буйурган,эркекти