super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Тоо лыжа спорту боюнча мелдеште Швейцариянын спортчулары алтын медаль тагынышты

 

Бүгүн, 24-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер өтүп, 6 түр боюнча медалдар ойнотулууда. Учурда тоо лыжа спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Командалар арасында орун алган мелдеште 16 команда жарым чейрек баскычтан баштап күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында алтын медалдар үчүн Швейцария курамасы менен Австрия курама командасы кез келди. Кызуу таймаштын жыйынтыгында швейцариялык спортчулар жеңишке жетип, алтын медалдарды багындырса, австриялык спортчулар күмүш медалдарды тагынды. Ал эми 3-орунду бул мелдеште франциялык спортчуларды жеңип алган Норвегия курамасы ээледи.

Муну менен азыркы тапта медалдык жарышта Швейцария курама командасы 4-алтын медалга ээ болуп 9-орунга көтөрүлдү. Австрия курамасы 5 алтын медаль менен 8-орунда жайгашса, Норвегия курама командасы 13 алтын медаль менен 1-орунда жайгашууда.

Лидерлик үчтүктө Норвегия, Германия жана Канада курама командалары жайгашкан. Норвегияда 13 алтын, 12 күмүш жана 11 коло медаль, Германия курамасында 13 алтын, 7 күмүш жана 6 коло, ал эми Канада курама командасынын капчыгында 11 алтын, 8 күмүш жана 9 коло медаль бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.02.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: