super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Кайсы бир күчтөр өлкөнү кайрадан апаатка, баш аламандыкка түртүп жатат”

 

Бүгүн, 12-июнда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада Кыргызстанда акыркы кездерде болуп жаткан окуялар кыргызстандыктарды бир топ ойго салганын айтты. “Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар, өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган жападан жалгыз Бишкек – Ош жолунда болгон окуялар кайсы бир күчтөр  өлкөнү апаатка, баш аламандыкка түртүп жаткандыгын таасын көрсөтүп койду. 2010-жылдын апрелинде өз элин атууга буйрук бергендер, 2010-жылдын июнунда элди кагыштыргандар кайрадан көксөөсүн кандыргысы келип жатат, аларды өз учурунда токтотуу зарыл, ал бузуку аракеттер эмнеге алып келерин биз так билишибиз керек. Мунун баары өлкөнү бөлүп-жарып, тынчтыкты жана бейпилдикти бүлүндүрүүгө, жаңы тирешүүлөрдү жаратып, жаңы курмандыктарга алып келиши ыктымал”,- деди мамлекет башчы.

 

Ошондой эле президент акыркы окуялардын уюштуруучуларын, алардын артында тургандардын ысымдарын билерин айтты. “2010-жылдын июнундагыдай эле алар бир сценарийдин негизинде аракеттенип жатышат. Алар Кыргызстанды талкалап, бүлүндүргүсү келүүдө. Өлкөбүздүн келечегине карата  ишенимибизден ажыратып салгысы бар”,- деди өлкө башчы. Сөзүнүн жыйынтыгында президент бардык кыргызстандыктарды тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: