super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиада оюндары: Орусиялык спортчулар лыжа менен жарышуу мелдешинде күмүш жана коло медаль жеңип алышты

 

Бүгүн, 24-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер өтүүдө. Учурда лыжа менен жарышуу спорту боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

50 чакырым аралыктагы лыжа менен жарышуу мелдешинде жалпы 71 спортчу күч сынашты. 2 сааттан ашуун өткөн жарыштын жыйынтыгында финляндиялык лыжачы Ийво Нисканен 2 саат 8 мүнөт 22,1 секундда марага жетип, алтын медалдын ээси болду. 2-орунда 21 жаштагы орусиялык спортчу Александр Большунов жайгашты, ал Нисканенден 18.7 секундга артта калды. 3-орунду орусиялык Андрей Ларьков жеңди, ал марага 2 саат 10 мүнөт 59.6 секундда келди.

Муну менен финляндиялык Ийво Нисканен курама командасы үчүн 1-алтын медалды алып келип курама командасын 18-орунга көтөрдү (1 алтын, 4 коло медаль). Большуновдун медалы курамасы үчүн 6-күмүш болсо, Ларьковдун медалы 9-болду. Эл аралык олимпиада комитетинин желегинин алдында катышып жаткан Орусия курама командасы 1 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль менен 15-орунда жайгашты.

Ал эми медалдык жарыштын лидерлери Норвегия, Германия жана Канада курама командалары бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.02.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы допинг дебесе эле болду
24.02.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лыжадан орустардын жаштары кучтуу чыкты олимпиадада кутулбогон жыйынтыктарды жаратып дуйнону тан калтырып жатат
25.02.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болшунов жаш экен эмки олимп оюндарында алтын алат буюруса ларьков да азамат финиште атаканы каты койду го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: