super.kg logo

Дарыгер: "Дарылануу үчүн Индияга келген Баатыр Баназаровдо үмүттүн оту жанды, бирок каражат жетишсиз"

 

Рак илдетинен жабыркап бир көзүнөн, мурдунун бир бөлүгүнөн, үстүңкү эрининен ажыраган Баатыр Баназаровдун Индиянын Бангалор шаарына дарыланууга кеткендигин маалымдаганбыз. Бүгүнкү күндө ал Индиядагы клиникалардан толугу менен кароодон өтүп бүткөнүн бейтап менен кошо Индияга кеткен дарыгер Азамат Кошалиев билдирди.

Баназаровдун дарылануусуна жардам берип жүргөн, Улуттук онкологиялык борбордун дарыгер-ординатору Кошалиевдин айтымында, Баатыр Индиядагы 2 клиникадан кароодон өтүп, экөө тең анын жүзүн сактап калуу мүмкүн деген жоопту айткан.

"Биринчи клиника пластикалык операция, химиялык жана нур менен дарылоо ыкмасын сунуштап жатат. Бул процесстерден кийин ар бири 100 миң рупий (105 миң сом) турган дары каражатын ичет экен. Бирок алар сунуштаган дарылоо ыкмасы кымбатыраак болуп жатат. Азырынча так баа айтыла элек, операция татаал болгондуктан жалпы дарыланууга болжолдуу 60-70 миң доллар керек деп жатышат.

Экинчи клиника болсо рак клеткаларын тоңдуруу жолу менен дарылайт экен. Клеткалар тоңдурулган соң атайын ткандарды салышат, кийинчерээк кийип кайра чечип койсо боло турган силикон маска салып беришет. Мында адамдын жүзү серт көрүнүп калышы мүмкүн, бирок териси жабылат. Бул арзаныраак анан өтө кооптуу эмес дарылоо ыкмасы болот. Ага 15-20 миң доллардын тегерегинде акча керек болуп, дарылоого 2 айдай убакыт кетет экен. Биз экинчи клиниканын дарылоосун тандайлы деп жатабыз. Биринчи клиника сунуштаган операция өтө татаал болмок, анда бейтаптын өзүнүн сан эттери алынып бетине сөөктөр коюлуп жасалмак. Дарылоо убактысы 6 айга чейин созулмак. Бирок эки жак тең 100 пайыз кепилдик берген жок, биздин суранычыбыз менен дарылап көрөлү деп жатышат. Кыргыз жеринде Баназаровду дарылоого такыр шарттар жок эле бул жердин медицинасынын өнүккөнүн көрүп үмүт пайда болду", - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Баназаровдун оорусуна кайдыгер карабаган адамдардан 9 миң 300 доллар топтолгон. Анын миң доллары билетке жумшалган.

"Маселенин баары кайра эле акчага келип такалууда. Биз алып келген каражаттын жарымы медициналык текшерүүдөн өткөнгө, жашаганыбызга жумшалды. Барган клиникаларыбыздын баарынан эле арзандатууларды сурап жатабыз. Индиядагы мекендештер да кол кабыш кыла турганын айтып жатышат. 3-4 күндөн бери бир мекендешибиздин үйүндө конок болуп жатабыз.

Баатыр аганын болсо айыгып кетем деген үмүтү чоң, ооруганына да, кыйналганына да карабай жакшы маанай менен жүрөт. Биз кайра эле элдин жардамына муктажбыз, ошол эле учурда өкмөттөн да жардам сурап кетет элек", - деп кошумчалады Кошалиев.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
25.02.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Алла Таалам шыпаасын берип айыгып кетсе экен кандай кылып кимдин атына акча салса болот экен жазып койсонуздар буйурса дагы да болсо жардам берчулор коп болуш керек айкол элимде
25.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
lady_91, саламатсызбы! Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.
25.02.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жараткан шыпаасын берсин, жок дегенде 100 сомдон берсек да 10 адамдыкы 1000 сомго жетет. Коп тукурсо кол болот, жардамынарды аябагыла сураныч.
Dolbooruwka түзөттү 2018-02-25 18:31:30
25.02.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Чиновниктер учун 15,20 мин$ акча деле эмес, бир ойноп кулгонуно жумшап койот, менде болгондо аябай жардам бермекин
26.02.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жүрөк оорутат го((Аллах шыпаа берсин!
26.02.2018. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жардамга муктаж адамдарга жардам берүү максатында тема ачтым жана ушул Баатыр себеп болду. Орусияда иштеген форумчулар кайдыгер карабай, баш багып окуп коюңуздар. 5-10 сомдон болсо да СБЕРБАНК ОНЛАЙН которсоңуздар болот.
26.02.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalima88,тема кайсыл жакта
26.02.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19,https://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=101622&view=getnewpost
26.02.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19,супер инфо, форум, сайт деген бөлүмдө экен.
26.02.2018. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакылдашкан 120 депутаттан сураш герек 500 доллардан бере алышпайбы
26.02.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKoitash1985,туура айтасын,ар бири 500$берсе 60000$чыгып калып атпайбы,биринчи вариант кымбат деген операциясын жасатып алса 120жепжутат дебей 120азамат болушмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: