super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Apple" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стив Жобстун жумушка кирүү тууралуу каталар менен жазылган арызы аукционго коюлду

 

"Apple" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стив Жобстун каталар менен жазылган эң биринчи жумушка кирүү тууралуу арызы аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, америкалык ишкер Стив Жобстун 1973-жылы жумушка кирүү үчүн жазган арызы Бостон шаарында 50 миң доллардан жогору баа менен аукционго коюлган.

"Аталган компаниянын түптөөчүлөрүнүн бири 18 жашында жумушка орношуу үчүн арыз жазган. Андан орфографиялык жана тыныш белгилер боюнча көп каталарды кездештирүүгө болот. Жадакалса өзүнүн фамилиясын да кичине тамга менен жазып койгон", - деп жазылат маалыматта.

Аукцион 2018-жылдын 8-15-март күндөрү өтөт.

Стив Жобс - америкалык инженер жана жеке ишкер, “Apple Inc” корпорациясынын негиздөөчүсү. Ал 1955-жылы 24-февралда Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарында туулган. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызык­чылык­тары төп келишкен экөө бат эле тил табышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “менин колледждеги убакытым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанат. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
25.02.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сатып алагандар ал арызды не кылат болду экен?
25.02.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул рак деген балээ дарт болду, миллиардерлердин топтогон байлыктары да сактап кала албай жатат...
25.02.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатып алмак түгүл бекер берсе да албайт элем. "Орус оюндагысын кылат" дегендей бир нерсени эле чыгара беришет.
25.02.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы жанылык екен
26.02.2018. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо кечинесинер 23-февральда Бишкекте болгон жол кырсыгын жазбадынарго же баарыле жазыла бербейби?
26.02.2018. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кандай гана генийлер олумго баш иет, болбосо экранга бармак тийгизип телефон иштетип калабыз эч ким деле ойлобосо керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: