super.kg logo
  Спорт  

Кыл чайнашкан беттеш. Орусиянын хоккей боюнча курама командасы Олимпиада оюндарынын чемпиону аталды

 

Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Орусиянын хоккей боюнча курамасы алгачкы жолу Олимпиаданын алтын медалына ээ болду.

Машыктыруучу Олег Знарюктун жетекчилиги алдында музга чыккан Орусиянын курама командасы жарым финалда Чехиянын курамасын 3:0 эсебинде утуп, 20 жылдан бери алгачкы ирет Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Ал эми хоккей боюнча Германия курама командасы көпчүлүктү таң калтырып, бул Олимпиада оюндарында муз үстүндө хоккей боюнча эң күчтүү делген Канада жана Швеция курамаларын жеңип чыгып, финалга жолдомо алган.

Бүгүн, 25-февралда Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында хоккей боюнча финалдык беттеште Германия курама командасы менен Орусиянын курамасы беттешти.

"Каннын-борбор" муз аренасында орун алган беттеште алгачкы мүнөттөрдө Орусиянын курамасы өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, биринчи бөлүктүн 19-мүнөтүндө Никита Гусевдин берген шайбасын коргоочу Вячеслав Войнов германиялыктардын дарбазасына киргизип, орусиялыктар оюндун биринчи бөлүгүн 1:0 эсеби менен аяктай алышкан.

Ал эми оюндун экинчи бөлүгүнүн алгачкы мүнөттөрүндө бир дагы команда өзүнүн активдүүлүгүн көргөзө алган жок. Бирок буга карабастан оюндун 30-мүнөтүндө германиялык оюнчу Феликс Шюцтун чапкан шайбасы Василий Кошечкиндин бутуна тийип, орусиялыктардын дарбазасына кирип кеткен.

Оюндун үчүнчү бөлүгүндө орун алган кызуу тирештин жүрүшүндө орусиялык Никита Гусев оюндун 53-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсеп санын 2:1 кылган.
Бирок орусиялыктардын кубанычы көпкө созулган жок. Анткени оюндун 54-мүнөтүндө германиялык Доминик Каун эсепти теңдей алган. Бул голдон күч-кубат алган германиялыктар орусиялыктардын дарбазасына тынымсыз чабуул жасап, жыйынтыгында Мюллер 57-мүнөттө кураманын 3-шайбасын орусиялыктардын дарбазасына киргизе алды.

Мелдештин жүрүшүндө өзүнүн мыкты оюну менен айырмалана алган Никита Гусев 59-мүнөттө эсепти теңдей алган. Гусевдин голунан соң негизги убакыт бүтүп, оюнчулар овертаймда күч сынашты.

Кошумча бөлүнгөн 20 мүнөттө орусиялык Кирилл Капризов чечүүчү голду германиялыктардын дарбазасына киргизип, хоккей боюнча Орусиянын курама командасы 26 жылдан бери күтүп келген Олимпиада оюндарынын алгачкы алтын медалын алып келе алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(25)
25.02.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен күткөм. Орусия жеңсин деп. Молодец чынында өтө таасирдүү оюн болуптур.
25.02.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн жакшы мен да балет этип отурдум
25.02.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Малатцы
25.02.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
salimbek87.kg, Молодцы
25.02.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
salimbek87.kg, тобоо 30дагы киши элементарный созду туура жаза албайсыз го?! "Азаматтар" деп эле койунузчу.
25.02.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматтар бугунку кундун чон жанылыгы
25.02.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эн сонун оюн болду.Мындай кызыктуу оюн коро элек болчумун. Немистер дагы кучтуу команда экен. Бирок туура жениш болду, орустар футболдон утпаса да, хоккейден утушсун.
25.02.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ойунду коруп олтуруп козумон жаш агып кеттиго )) 3 четверть счет 2-3 в пользу Германии 2 мин калды Россияда удаление ворота пустой анан эле Гусевтин голу эх мына ойун деп ушуну айт кино тартса болчудай!
25.02.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматтар! Бирок, Россиянын гимни жаңырбай, желеги көтөрүлбөгөнү өкүнүчтүү...
25.02.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олимпиада качан бүтөт туугандар
25.02.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aszyma,бугун бутот
25.02.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр суйунгонго эрте бул орустардан мельдоний чыгып калып медальдарынан кол жууп атышат хоккейден деле алып коюушу мумкун медальын. Россияны сочидеги женишин эчким тааныбайт
Kg-samsung түзөттү 2018-02-25 14:12:59
25.02.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орус спортчулары бул жеңишти алышы алдын ала мүмкүн болуп келген. Бирок Германиянын финалга чыгышы чоң таң калуу жаратты менимче.
25.02.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оюн чынында аябай кызык болду.Германиянын бир оюнчусу удаление алганы Россияны женишке жетеледи.
Капризов керектуу минутаны текке кетирбеди. жениши кут болсун Россиянын
25.02.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гусевдин эмгеги чон болду, шамдагай , чечкиндуу оюунчу экен.
25.02.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен тан атпай московский убакыт боюнча 7 де башталат дегенинен туруп кордум.Куйоом тан калып Сага эмне болду ,мындай эрте турчу эмес элен го деп кулдурду. Улам тура калып болейтетип иши кылып балдарымды да ойготтум.Россия утса манты жасап берем дедим эле,эми кечки тамактын камын Коруш керек.
25.02.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SaLtY,ваахаахххааа жайладинго
25.02.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SaLtY,куйоонуз кордубу анан
25.02.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rasul94,корду да чогу отуруп ,колдорун эзип салдым го чапкылап ийип чымчыгылап Россияга гол кирип кетсе.Ой акырын деп тыйып коет Улам.
25.02.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
SaLtY, тамагыңыздар таттуу болсун?!
25.02.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мантыны беш жолу жасасан да болот.Оюн ошого арзыйт
25.02.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустарга Германия туш келип повезло. Канадага туш келгенде,Орустарга кыйын болмок, анткени Канада ынгайсыз соперник орустарга.
25.02.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн мыкты финал болду. Германиялык хоккейчилерге да респект, мыкты оюну учун. Никита Гусев финалдын (деги эле бул олимпиаданын) мыкты хоккейчиси болду. 2 шайба жана 2 чыгарып беруу финалда +4 пайдалуу аракет. Ошондой эле Кошечкин, Илья Ковальчук, Павел Дацюк жана албетте жениш буллитти немецтердин дарбазасына киргизген Кирилл Капризов оюндун мыктылары болушту. НХЛ жетекчилери озулорунон корсун, эн мыкты хоккейчилерди жонотушпогону учун. Россия олимпиада чемпиону!
25.02.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россиянын хоккейчилери олимпиада гимни жанырып жаткан болсо дагы озулорунун гимнин кыйкырып ырдаштыго куйормандары менен бирге. Мына ушундай учурлар учун дагы спортту суйом. Мыкты коз ирмемдер. МОК россиялык атлеттерди канчалык сындырышка аракет кылганы менен россиялык спортчулар сынган жок. Дээрлик 3-курамы менен барган болсо дагы Ванкувердеги олимпиадага караганда мыкты натыйжаны коргозушту.
25.02.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун болду финал. Уй-булобуз менен болеть этип кордук). Гол кирсе бакырып). Акыркы минуталарда Гусевдин киргизгени сонун болду. Россия хоккей боюнча биринчи экенин дагы бир жолу далилдеди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: