super.kg logo
  Спорт  

Расмий эмес жыйынтыктар боюнча Кышкы Олимпиада оюндарында Норвегия эң көп медаль топтой алды

 

Расмий эмес жыйынтыктар боюнча Кышкы Олимпиада оюндарында Норвегия эң көп медаль топтой алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Бүгүн, 25-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын мелдештери аяктады. Расмий эмес алдын ала жыйынтыктар боюнча, жалпы командалык жыйынтыкта Норвегиянын курама командасы жалпысынан 39 медаль жеңип, сап башына жазыла алды. Алардын капчыгында 14 алтын, 14 күмүш, 11 коло медаль бар.

Ал эми Орусия курама командасы 13-орунга ээ болгон, кураманын эсебинде жалпы 17 медаль бар, алардын арасында 2 алтын, 6 күмүш, 9 коло медаль бар.

Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында орун алган XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында эң көп медаль топтогон өлкөлөрдүн тизмеси:

1. Норвегия - 39 медаль (14 алтын, 14 күмүш, 11 коло)

2. Германия - 31 медаль (14 алтын, 10 күмүш, 7 коло)

3. Канада - 29 медаль, (11 алтын , 8 күмүш, 10 коло)

4. АКШ - 23 медаль (9 алтын, 8 күмүш, 6 коло )

5. Нидерланд өлкөсү - 20 (8 алтын, 6 күмүш, 6 коло).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.02.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Норвегиянын калкынын саны 5,5 миллион, эми спортко толук көңүл буруп колдоо көрсөтсө, 1.5 миллиард калкы бар кытайдан 300.3 миллион калкы бар Америкадан ашып өтөөрү бышык. Бул чоң жетишкендик. Биздин спортчуларга жеңсе да жеңилсе да жакшы дем менен дайым аларга колдоо көрсөтсөк, ынтымагыбызды бекемдесек, адептүүлүктүн чокусун багындырсак бир күн келет биз жазылабыз тизменин сап башында .
monkey92 түзөттү 2018-02-25 16:53:31
25.02.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
monkey92,200,0 млндон ашык АКШнын калкы
25.02.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул Норвегиянын дээрелик бардык спортчулары астма менен ооруганы тан калычтуу?!оорукчан болуп туруп кантип женип жатышат тушунуксуз.
25.02.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орустар хаккейден алдыго он чакты алтын медал же алар бир эле медал болуп жазылабы
25.02.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyluusuu1991,бир эле медаль болуп эсептелет.бирок айтып койотко ким хоккейден женсе ошол олимпиаданы женген болот деп.
26.02.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyluusuu1991,он чакты эмес 22 медаль. Бирок бир эле болуп эсептелет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: