Бүгүн парламент комитетинде Кыргыз-Түрк ооруканасынын ачылышы тууралуу талкууланат
Бүгүн, 26-февралда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет жыйынында Кыргыз-Түрк ооруканасынын ачылышы тууралуу талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, оорукана Бишкек шаарында ачылат. Ошондой эле оорукананын ачылышы, бирдиктүү иштетилиши жана өткөрүлүп берилиши тууралуу сөз болот.
Баяндаманы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жасайт.
Мындан тышкары жыйында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору, “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуунун сунуштарын бекитүү жөнүндө маселе каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.