Улуу Британияда жарылуу болуп 6 адам жаракат алды
Улуу Британиянын Лестер шаарында жарылуудан 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, жарылуу жергиликтүү дүкөндөрдүн биринде 25-февралдан 26-февралга караган түнү орун алган. Анда 2 кабаттуу имарат толугу менен кулап калган. Жарылуунун кесепетинен 6 адам ооруканага жеткирилип, алардын арасынан экөөнүн абалы оор.
Ошондой эле маалыматта жарылуу болгондо имараттын ичинде канча киши болгону азырынча белгисиз экени, учурда укук коргоо органдары тарабынан иликтөө жүрүп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.