super.kg logo

Ошто каза болгон индиялык студенттин өлүмүнүн себеби белгилүү болду

 

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсунун студенти Сураб Тиравинин эмне себептен каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"30 жаштагы Индиянын жараны Сураб Тирави Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсунун студенти болгон. Ал 22-февралда оозу кургап, жүрөгү айланып, кускусу келип жатканын жана ичи катуу ооруганын айтып Ош шаардык ооруканасына кайрылган. Бейтаптын досу ошол күнү эртең менен ооруп баштаганын айткан.

Студентке ошол эле күнү операция жасалган. Бирок эсине келбей жүрөгү токтоп каза болгон.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен курч кармаган панкреонекроз деген диагноз коюлду", - дейт басма сөз кызматы.

Айта кетсек, буга чейин 2016-жылдын ноябрь айында ОшМУнун медицина факультетинин студенти каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.02.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Операция кайсы органга жасалган? Ооруса эле аппендицит деп ача берет ичин
26.02.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazic,pankreanekrose bul appendizit emes. Pankreanekrose ostryi pankreatit, erte vrachka kairylbasa abal oor bolup ketet. Pankreatit operation bul chon OP.
26.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Байкуш ата энеси куйуп кетти го, кандай умут тилектер мн жонотушкон, мусапырлыкта эч кимдин башына ооруу сыркоо тушпосун. Чет жактарда жургон кыргыздарды дагы кудай колдоп эсен аман ата энесинин мандайына кайтышсын.
26.02.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эптеп алдапкойуштуда...башка ушул жерде жүргөндөрдү каратып туруп алдап акчасын алат...ынсап берсин...
26.02.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне эле врачтардын баарын жаман коросунор? Баары эле акча деп операция кыла бербейт. Жан дили мн иштегендер деле аз эмес, эксперттер деле диагноз коюптур го.
26.02.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сен да врач окшойсун пол жууганындан тартып врачыначе аласынар
26.02.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошто качантан бери экспертиза жасап калды, менин акем уктап жатып каза болду, эч бир доктор диагноз кое албады, пока журогу оруйт болчу деп ч ким айтпаса инсульт деп айтпайт да болчу, журогу оррушун угаар замат инсульт инфаркт деп кутулуштуго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: