super.kg logo

Депутат Айтмамат Назаров кооператив боюнча коомдук угуу өткөрүүнү сунуштады

 

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Айтмамат Назаров кооператив боюнча коомдук угуу өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

“Кооператив жок ишибиз алдыга жылган жок. Өлкөдө 0,1 пайыз кооператив бар экен. Бул кооператив жок дегенди түшүндүрөт. Рыноктун шартында баарыбыз кооперативсиз эч жакка бара албай турганыбызды билдик. Кооперативдерди өнүктүрбөсөк аймактар өнүкпөйт. Экинчи окууга чейин коомдук угуу уюштурууну сунуштайм. Айыл башчыларын, акимдерди чакырып оюн угалы”, - деди депутат.

Жыйында “Кооператив жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды. Ошону менен катар эле депутаттын коомдук уюштуруу боюнча сунушу колдоо тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: